Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавирусту текшерген беш миң ПЦР-тест берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Учурда министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапары менен жүрөт. Ал жактан өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Халиль Эльдемир жана республиканын улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Желал Адан менен жолугушкан.
Бейшеналиев өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу гуманитардык жардам сураганы, жооп катары Түркия ПЦР-тесттерди бергени белгиленди. Министр кол сунгандарга ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда Түркия парламентинин вице-спикери Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын иши боюнча келишимди эртерээк ратификациялоо идеясын колдой тургандыгын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн