Түркия Монтрё Конвенциясы берген укугуна ылайык Босфор жана Дарданелла кысыктары аркылуу өтүү акысын беш эсеге кымбаттатты. Бул тууралуу Sabah гезити өкмөттөгү өздүк булактарына таянуу менен кабарлады.
Басылма билдиргендей, түрк бийлиги кысык аркылуу өтүүдөгү 1983-жылы киргизилген төлөм системасын жойду. Эсеп француз франкынын бирдиги менен жүргүзүлөт жана 1 франк 0,8 доллар деп саналчу. 7-октябрдан тартып 1 франк 4 доллардан деп эсептеле турган болду. Франциянын валютасы азыр иштетилбейт, ошол себептүү Анкара мындан ары акыны түрк лирасы менен кабыл алат.
Учурда Түркия кысыктар аркылуу кемелерди өткөрүүдөн жылына 40 миллион доллар табат. Гезиттин эсебинде, акы кымбаттагандан кийин Түркиянын кирешеси 200 миллион долларды чапчыйт.
Монтрё Конвенциясы 1936-жылы Түркия Босфор жана Дарданелла кысыктарынын аймагында өзүнүн суверенитетин калыбына келтиргенден кийин кабыл алынган документ. Конвенциянын 19-беренесине ылайык, Түркия согушуп жаткан өлкөлөрдүн кемелерине кысыкты жаап коё алат.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн