16-майда Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун (ТОВВ) жетекчиси Рыфат Хисаржыклыоглу жетектеген делегация Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолукту.
Анда Улукбек Марипов кыргыз тарап кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди.
«Бүгүнкү күндө республика жетекчилигинин артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат. Тилекке каршы, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын реалдуу мүмкүнчүлүгүнө дал келбейт. Жалпы максатка жетишүү үчүн биздин өлкөлөр ириде биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруусу керек», - деп белгиледи.
Ал эми Рыфат Хисаржыкоглу жетектеген делегация келечекте өлкөдөгү кичи жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жаатында кызматташууга даяр экендигин маалымдады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн