Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Түркия Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачууну сунуштады

05.10.2021 17:18
1770
Түркия Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачууну сунуштады


Бүгүн, 5-октябрда Түркиянын OSTİM уюшкан өнөр жай аймагынын башчысы Орхан Айдын жана OSTİM Техникалык университетинин башчысы Мурат Юлек баштаган 22 кишиден турган чоң делегация келди. Бул тууралуу КРнын Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга мамлекеттик органдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия тарап Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча сунуш берип, ал үчүн биргеликте керектүү кадамдарды жасоо ниетин билдирди. Ошондой эле, айтылгандарды ишке ашыруу максатында биргелешкен кыргыз-түрк мекемесин ачуу макулдашылды.

Түркия делегациясы түштөн кийин Кыргызстанда өнөр жай жана өндүрүштүк аймак ачуу боюнча "Бишкек" эркин экономикалык аймагына сапар алат.

КР Инвестициялар министрлиги OSTİM менен биргеликте Өнөр жай жана өндүрүштүк аймактарды өнүктүрүү үчүн атайын биржа ачууну макулдашышты.

Андан тышкары, чакан ГЭСтерди куруу жана жашыл энергияны өндүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен OSTİM Техникалык университетинин ортосунда алмашуу программалары боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн