Бүгүн, 9-февралда Түркия мамлекетине Кыргызстандан барган куткаруучулар тынымсыз иштеп жаткандыгын подполковник Ырысбек Жолдошбаев маалымдады.
Анын айтымында, учурда куткаруучулар 3 нөөмөт менен 24 саат бою иштешүүдө. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен барган психологдор, врачтар жакындары каза болгон жарандарга психологиялык, медициналык жардамдарын көрсөтүүдө.
Түркия мамлекетинде ӨКМдин куткаруучулары издеп-куткаруу иштеринин натыйжасында жергиликтүү убакыт менен саат 9:50гө 22 адамдын сөөгүн чыгарышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн