Бүгүн, 13-февралга караган түндө Түркияда кыргыз куткаруучулары төртүнчү тирүү адамды жер титирөөдөн 150 сааттан ашык убакыттан кийин таап чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстандык куткаруучулар кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн эң астынкы кабатынан 6 сааттык куткаруу иштеринен кийин дагы бир жаранды тирүү алып чыгышкан.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандык куткаруучулар 90дон ашык адамдын сөөгүн, 3 тирүү адамды куткарышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн