Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 10:24
USD
85.65
86.15
EUR
92.70
93.70
RUB
0.875
0.915

Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды тапшырды (фото)

18.02.2022 14:57
874
Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды тапшырды (фото)

2022-жылдын 18-февралында КР КК Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүнүн аймагында Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлигинен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

 

Түрк тарабынан берилген аскердик багыттагы продукцияларга байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар кирет.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Таалайбек Усубалиев, Түркиянын атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган мырза, КР КК Улуттук гвардиясынын Командачылыгы жана өздүк курамы катышты.


Аземдин жүрүшүндө полковник Т.Усубалиев Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап мындан ары кызматташуунун учурдагы жана келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн