Бүгүн, Түркиядан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук Гвардиясына атайын аскердик-техникалык жардам иретинде берилген буюмдарды тапшыруу иш-чарасы өттү. Аталган иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да катышты.
Түркия атайын багыттагы аскердик жардамдын биринчи бөлүгүн үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жөнөткөн эле. Бул эки өлкөнүн 2015-2016-жылдагы макулдашууларынын негизинде аткарылып келет.
Пикирлер (1)