Кечээ, 27-февралда Түркиянын Малатья провинциясында катталган жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 140 адамга жетти.
"ТРТ Хабер" билдиргендей, урандыларды тазалоо иштеринин жүрүшүндө 2 адамдын денеси табылган.
Куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүнү улантууда.
Эске салсак, кечээ Малатья провинциясында күчү 5, 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн