Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Түркия: Президенттик шайлоодо 5% добуш алган талапкер экинчи турда Эрдоганды колдой турганын билдирди

22.05.2023 21:35
815
Түркия: Президенттик шайлоодо 5% добуш алган талапкер экинчи турда Эрдоганды колдой турганын билдирди

14-майда Түркияда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгында 5% добуш алган Синан Оган 28-майда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи турунда учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоганды колдой турганын жарыялады. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары кабарлады.


Маалым болгондой, Синан Оган Эрдогандын сунуштарын жана пландарын колдоону чечкен.


"Биз парламенттик шайлоонун жыйынтыгында эң көп добуш топтогон Республикалык партиянын талапкери Режеп Тайип Эрдоганды колдоону чечтик.

Биз койгон талаптарды Улуттук партия канааттандырган жок.

Биз 20 жылдан бери өлкөбүздүн жана элибиздин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан Режеп Тайип Эрдоганды колдоону чечтик",- деди Оган.


Эскерте кетсек, 14-майда Түркияда өткөн президенттик шайлоодо учурдагы президент Режеп Тайип Эрдоган 49,5 пайыз,  оппозициячыл Кемал Кылычдароглу 45 пайыз, Синан Оган 5 пайыз добуш топтогон.


Эч бир талапкер 50 пайыздан жогору добуш ала албагандыгына байланыштуу президенттик шайлоонун экинчи туру 28-майга белгиленген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн