Түркия НАТОнун ачык эшиктер саясатын колдой турганын тастыктайт жана Мадридде Финляндия менен Швецияны альянска чакыруу боюнча колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Испаниянын борборунда болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүүдө айтылганын РИА Новости жазды.
Түркия, Швеция, Финляндия жана НАТО кечээ Мадрид шаарында аталган эки өлкөнүн альянска мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Түркиянын позициясын Түндүк атлантикалык альянстын жетекчиси Йенс Столтенберг да билдирген.
"Түркия НАТОнун ачык эшиктер саясатын мурдатан бери колдоп келгенин бекемдейт жана Мадридде жогорку деңгээлде өткөн жолугушууда Финляндия менен Швецияны альянска чакырууну колдой турганын билдирет", — деп айтылган үч тараптуу билдирүүнүн онунчу пунктунда.
Шейшемби күнү Финляндия башчысы Саули Ниинисте Режеп Тайип Эрдоган жана Швеция премьер-министри Магдалена Андерссон болуп жолуккан.
Эрдогандын канцеляриясы Финляндия менен Швеция Түркияда тыюу салынган Күрд жумушчулар партиясын, диний аалым Фетхуллах Гүленди колдобойт деп билдирди. Андан сырткары, алардын түрк коргонуу өнөр жайына каршы эмбарго салбай тургандыгын айтышкан.
Анкара Хельсинки менен Стокгольм өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына террорчулук менен күрөшүү жана коргонуу өнөр жайы боюнча түзөтүүлөрдү киргизүүгө милдеттенме ала тургандыгын да кошумчалаган.
Анткен менен бул боюнча дүйнөдөгү башка державалар өзүнүн позициясын билдире баштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн