Түркия Сириянын түндүгүндө атайын аскердик операция баштайт. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган министрлердин жыйынында билдиргенин түрк басылмалары кабарлады.
Президент Эрдогандын айтымында, атайын операция Түркиянын түштүк чек араларындагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Маалым болгондой, атайын аскердик операция чалгындоо иштери бүтөрү менен башталат. Түркиянын аскердик күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдарды тазалоого багытталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн