Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Издөөдө жүргөн Болот Сүйүмбаев Түркиянын жарандыгын алганбы?

06.07.2021 15:49
840
Издөөдө жүргөн Болот Сүйүмбаев Түркиянын жарандыгын алганбы?


"Чоң казаттын" мурдагы лидерлеринин бири Канат Хасанов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу Болот Сүйүмбаевдин жүргөн жери боюнча пост жазды.


"Болот Сүйүнбаевдин Түркиянын жарандыгы бар экен, ал Түркиянын Бурса шаарында жашынып жүрөт экен! Биздин коопсуздук кызматкерлерине атайын операция жүргүзүүгө уруксат берилеби?", - деп жазган Хасанов.


Эске салсак, ири көлөмдөгү зер буюмдарды контрабанда жолу менен ташуу фактысы боюнча тергөөнүн алкагында кылмышка УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болотбек Сүйүмбаевдин тиешеси бар экендиги аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн