Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:01
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Түркия кайтарымсыз 150 миң доза вакцина берет

Түркия кайтарымсыз 150 миң доза вакцина берет

Түркия кайтарымсыз 150 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушкандан кийин билдирди.


Белгилүү болгондой, жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашты.


Ошондой эле жолугушуу учурунда элчи Ахмет Садык Доган мырза Түркия гранттык негизде Кыргыз өлкөсүнө коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин билдирди.


"Түрк өкмөтү Кыргыз өлкөсүнө COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, ошондой эле биздин жарандарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүүдө. Эң заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деп үмүттөнөбүз. Жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн боордош түрк элинин жардамы абдан маанилүү жана зарыл", - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн