Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында Түркия менен Дубайдан өлкөгө кайтам деген жарандарды сабыр кылууга чакырды.
Анын айтуусуна караганда Түркияда 360, Дубайда 300
жаран келебиз деп күтүп жатышат.
“Биз тышта жүргөн бардык
жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат.
Болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч
мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче
баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам”, - деди Кубатбек Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн