Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарынын саны көбөйөт

17.03.2021 16:21
522
Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдарынын саны көбөйөт

“Манас" эл аралык аэропорту” ААКнын жетекчилиги бардык жарандар үчүн туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү жана көбөйтүү  маанилүү экендигин билет жана бул процессти тездетүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.


Компания бир катар ири эл аралык авиакомпаниялар менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.


Бир күн мурун, “Манас” эл аралык аэропортунда  “МЭА” ААК  менен “Turkish Airlines” жана “Turkish Cargo” авиакомпанияларынын жетекчилиги менен  жолугушу болуп өттү.


Жыйынтыктуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде түркиялык “Turkish Airlines” авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Ош-Стамбул багыты боюнча жаңы туруктуу каттамдарды ачуу  иштери  макулдашылды,  бул биздин түштүктөгү жарандарыбыздын  жана коноктордун Стамбулга (Түркия) түз учууларына мүмкүнчүлүк берет.


Ошондой эле, тараптар 2021-жылдын жай айына чейин Стамбул жана Анталиядан Бишкекке кошумча аба каттамдарын ачууну макулдашышты.  Мындан тышкары, Кыргызстанга жүк ташууну өнүктүрүүгө даярдык көрүү тууралуу стратегиялык макулдашуу болду.


Бул жолугушуу “МЭА” ААКнын  Башкы директору Бакыт Шаршеев менен “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын Башкы директору Билал Экшинин ортосундагы видео конференция боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы болду.


“МЭА” ААКнын жетекчилиги “Манас” эл аралык аэропортунда жаңы каттамдарды ачуу жана бардык туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү боюнча жигердүү иш алып барууда.


Эскерте кетсек, “Манас”  аэропорту жүргүнчүлөрдү ташуучу авиакаттамдарды тейлөөдөн тышкары, май куюу, жүктөрдү түшүрүү, жүктөрдү сактоо жана борттогу тамактануу сыяктуу коммерциялык кызматтарды сунуш кылат.


“МЭА” ААКнын аэропортторунда көрсөтүлгөн бардык кызматтар жөнүндө маалыматты сайттан таба аласыздар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн