Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Түркияда COVID-19дан улам 90 миң адам абактан бошотулат

14.04.2020 09:02
887
Түркияда  COVID-19дан улам 90 миң адам абактан бошотулат


13-апрелде Түркиянын парламентинде коронавирустун жайылуусунан улам, эркинен ажыратылган 90 000 адамды боштондукка чыгаруу мыйзам долбоору жактырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, бул сунушту 279 парламент мүчөсү колдоп, 51 депутат каршы чыккан.


Мындан сырткары, амнистиянын саясий туткундарга тийешеси жок экени укук коргоочулар менен активистердин нааразычылыгын жаратып, бийлик  өкүлдөрүн сынга алышкан. Эл аралык ПЕН-клуб уюму Түркиянын абактарынын көпчүлүгүндө тазалык жок экенин айтып, абакта саясий туткун болгон журналист жана укук коргоо жаатындагы активисттерди бошотууга чакырган.


Ошондой эле, юстиция министри Абдулхамит Гюль парламенттеги добуш берүүнүн астында абакта отургандардын үчөө коронавирустан көз жумганын айтканы кабарланат.


Учурда COVID-19 пандемиясы Түркияда 61 049 адамдан табылып, 1296 бейтап көз жумган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн