22-декабрда Түркиянын Газиантеп аймагында 4 жаштагы кызды 2 питбуль пародасындагы ит талап салган. Бул тууралуу түрк басылмалары билдирди.
Маалыматка ылайык, кыз көчөнү бойлой бара жатканда эки ит келип, кыздын денесинен айрыкча бет жана моюндарын тиштеп салган.
4 жаштагы Асие Аташ оор абалда ооруканага жеткирилген. Бир нече күн эсине келбей жаткан.
Укук коргоо органдары иттердин ээси катары 3 адамды кармап, дагы 3 киши көзөмөлгө алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн