Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта беттешке чыккан Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде жеңишилип калды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда бразилиялык кыз менен кез келип, 0:8 эсебинде жеңилип калды.
Бразилиялык балбан финалга чыкса, Тыныбекова коло медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн