Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахриддин Кожа өлкөдө COVID-19 вирусунан каза тапкандардын 93 пайызы 65 жаштан жогорку курактагылар, деп айткандыгын Anadolu Ajansi агенттиги билдирди.
“Акыркы айда көз жумган адамдардын орточо курагы 74,6 жашты түзөт. Бардык өлгөндөрдүн 93 пайызы 65 жаштагы жана андан жогорку курактагылар”, - деп билдирди министр.
Соңку маалыматтар боюнча, Түркияда коронавирус жуккан 168 340 учур катталып, алардын 4 648и каза тапты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн