Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркияда Орхан Инандыга карата оор кылмыш боюнча иш козголду

07.07.2021 09:58
617
Түркияда Орхан Инандыга карата оор кылмыш боюнча иш козголду

6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги Орхан Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын жазды. Ошондой эле 2001-жылдан бери ФЕТО уюмунун Кыргызстандагы жооптуу кишиси болгону аныкталганын билдирди.


Маалыматта Инанды ByLock телефон тиркемесин пайдаланганы, Түркиядан Кыргызстанга качкан уюмдун мүчөлөрүнө башпаанек сураганы айтылат. Андан сырткары уюмдун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алып бергени аныкталды деп жазылган.


Кыргызстандын паспортун алгандардын арасында Түркияда "террордук уюм түзүү" беренеси менен издөөдө жүргөн Мустафа Өзжан менен Али Челиктин да ысымдары аталган.


Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.


Ал 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле учурда Түркиянын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын кабарлады.


5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.


ТИМ буга байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн