Түркияда Рамазан айында окула турган Таравих намазын былтыркыдай үйдөн окуу сунушталды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы Муфтийи Али Эрбаш билдирди.
"Өлкөбүздө кайрадан күчөп жаткан эпидемиологиялык абалды эске алып, бардык имамдар менен кеңешип Таравих намазын үйдө окууну туура көрдүк. Албетте, Таравих намазы 2 жылдан бери жамаат менен окулбай калгандыгы бизди да тынчсыздандырат. Бирок ар бир мусулмандын саламаттыгы биз үчүн маанилүү",- деди Эрбаш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн