Түркияда айдоочусуз жүргөн электроавтобустар колдонууга берилди. Бул тууралуу "ТРТ Хабер" билдирди.
Автобустардын колдонууга берилиши аземине президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты жана ал алгачкы жүргүнчү болду.
Электроавтобустар автоматтык түрдө бардык тобокелчиликтерге реакция жасайт.
Автобустун узундугу 8 метр, 52 жүргүнчүгө ылайыкталган.
Түркия мындай электроавтобустарды башка өлкөлөргө экспорттоону пландаганын Эрдоган билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн