Очогу Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болгон зилзаладан 261 сааттан кийин эки жаран куткарылды.
"Анадолу" агенттиги билдиргендей, Хатай провинциясынын Антакя шаарында 16-февраль күнү издөө-куткаруу иштеринин алкагында уранды астында жаткан 26 жаштагы Мехмет Али Шакироглу жана 34 жаштагы Мустафа Авжы тирүү экени аныкталган.
Куткаруучулар дароо тез жардам унаасы менен аларды ооруканага жөнөтүшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн