Түркияда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 50 миллиондон ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.
Анын айтымында, Түркия коронавирус аттуу "душманды" жеңүү алдында турат.
"Бүгүн өлкөбүздө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамдардын саны 50 миллиондон ашты. Бул орток душманыбызды жеңүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
50 жаш андан өйдө жаштагылар бүгүндөн тарта коронавируска каршы 3-доза катары каалаган вакцинаны алса болот",- деди Кожа.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн