Бугу 08, 2024
Убакыт: 14:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Түркияда эмгектенген кыргыз жарандары пенсия жана жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, - Элчилик

04.07.2020 10:45
1166
Түркияда эмгектенген кыргыз жарандары пенсия жана жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, - Элчилик


Түркияда мыйзамдуу түрдө эмгектенген кыргыз жарандары пенсия жана жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын 2020-жылдын 2-июлундагы №2726 чечимине ылайык 2018-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында кол коюлган жана 2020-жылдын 7-апрелиндеги Түркиянын № 7230 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Өкмөтү менен Түрк Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздандыруу Келишими күчүнө кирди.


Келишимдин максаты социалдык камсыздоо жаатында эки республиканын жарандары үчүн бирдей укуктарды түзүү. Келишимге ылайык, мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу акысын төлөгөн эки республиканын жарандары Кыргызстанда жана Түркияда пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга мүмкүнчүлүк алышат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн