Бугу 06, 2024
Убакыт: 18:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Түркияда издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келди (видео)

21.02.2023 08:24
471
Түркияда издөө-куткаруу иштерин жүргүзгөн куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келди (видео)

Бүгүн, 21-февралда Түркиядагы зилзаланын кесепеттерин жоюу максатында тартылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары мекенибизге кайтып келишти. 


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин, милдеттерин так аткарышкан куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү.


“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды ӨК министри Бообек Ажикеев,  Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМдин өздүк курамы тосуп алды.


Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин жогору баалады.



"Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө  182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат .

Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты.

 "Инсараг" эл аралык уюмуна кошулуу үчүн куткаруучуларды күжүрмөн даярдыкка келтирүүдө Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу мырзанын берген кеңеши, жардамы менен бир катар ийгиликтерди жарата алдык", – деди министр. 

Ал эми салтанатка катышкан элчи мырза Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн