Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркияда кыргызстандык туристтин 10 миң доллардан ашык акчасын уурдаган Германиянын жараны кармалды

13.12.2021 13:07
812
Түркияда кыргызстандык туристтин 10 миң доллардан ашык акчасын уурдаган Германиянын жараны кармалды

Антальяда Кыргызстандан барган жарандын 10 миң доллардан ашык акчасын уурдаган Германиянын жараны кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары билдирди.


Маалыматка караганда, Кыргызстандан келген турист сумкасын мейманкананын залына коюп, дааратканага кеткен. Ал кайтып келгенде сумкасын таба албай,  10 миң  доллары бар капчыгы уурдалганын айтып, арыз менен кайрылган. Полиция видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен кылмышка шектүүнү аныктаган.


Ал Германиянын жараны Марк Дроммел болуп чыккан. Ал Аланиядагы мейманканалардын биринде  жайгашкан жерден кармалган. Марк Дроммелдин бөлмөсүн тинтүү учурунда 7700 доллар, 5210 лира, 1250 кыргыз сому жана маңзат табылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн