Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Түркияда коронавирус кайрадан күчөй баштады

03.09.2020 14:31
1228
Түркияда коронавирус кайрадан күчөй баштады

Түркияда коронавирус кайрадан күчөй баштады. Бул тууралуу Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталды. 

«Пандемия уланып, күн сайын вирус жуккан учурлар көбөйүүдө. Биринчи толкундун экинчи фазасын баштан өткөрүп жатабыз. Анкара, Стамбул, Измир, Бурса шаарлары дагы эле кооптуу», - деди министр.

Министр билдиргендей, Түркияда пандемия башталгандан бери  30 миңден ашык медицина кызматкерине вирус жукса,  алардын 52си көз жумган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эльмира
Биз учак билетин алып алдык.кудай озу сактасын эми.элди аягыла.