Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркияда коронавируска чалдыккандар 9 миңден ашты

30.03.2020 13:11
621
Түркияда коронавируска чалдыккандар 9 миңден ашты


Түркияда вирус жуктуруп алгандардын саны тездик менен өсүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 


Маалыматка ылайык, Түркияда коронавируска чалдыккандардын саны 9217ге жетип, 131 киши көз жумган. Саламаттык сактоо министрлигинин 29-мартта жасаган билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 23 бейтап көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 131ге жеткен. Бир сутканын ичинде 9982 адам вируска тест тапшырып, алардын ичинен 1815 адамдын тести оң натыйжа менен чыгып, ооруга чалдыккандардын жалпы саны 9217ге жеткен.


Ошол эле учурда акыркы 24 саатта 35 бейтап сакайып, өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 105ге жеткен. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн