Түркиянын айрым чоң шаарларында коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа "Анадолу" басылмасына билдирди.
Министридин айтымында, жаңы толкун өлкөнүн батыштагы Стамбул, Бурса, Кожаели жана Измир аймактарында оору күчөп жатат. Ошондой эле, өлкөнүн 15 регионунда оору 50%га өскөн.
Фахреттин Кожа калкты санитардык-эпидемиологиялык тартиптерди сактоого чакырып, оору күчөй турган болсо чектөөлөргө барарын эскертти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн