Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 08:44
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарына Кыргызстан 11 спорттун түрү боюнча катышат

26.09.2022 15:22
936
Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарына Кыргызстан 11 спорттун түрү боюнча катышат


Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»



Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Анын ичинен көк бөрү жана алыш бел боо күрөшү расмий түрдө киргизилген. Мындан сырткары, оюндун программасында татар күрөш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу спорту бар. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 2014-2016-2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн