Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Түркияда "Коркут Ата" эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземи өттү

15.11.2021 09:29
1534
Түркияда "Коркут Ата" эл аралык кинофестивалынын жабылыш аземи өттү

.


Эл аралык кинофестивалга кыргыз делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, Т.Океев атындагы Улуттук киностудиянын директору Акжол Бекболотов, эл артисттери жана башка атактуу улуттук кино ишмерлери катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Кинофестивалдын алкагында 

Кыргызстандан катышып жаткан бир катар кино тармагынын өкүлдөрү сыйланды. 

Алар:  

- «Мыкты режиссёр» - режиссёр Артыкпай Сүйүндүков;


- Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактагындыгы үчүн ардак сыйлык анын балдары Ширин жана Эльдар Айтматовдор жана «Түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы жана өнүгүшү үчүн» - Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы сыйланды. 


Ошондой эле, фестивалдын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлеринин катышуусунда кино өндүрүш тармагындагы кызматташуу боюнча декларацияга кол коюлду.

Декларацияга ылайык, “Коркут Ата” эл аралык кинофестивалы жыл сайын өткөрүү пландалып, макулдашууга ылайык, фестиваль 2022-жылы Бурса шаарында (Түркия), 2023-жылы Азербайджан мамлекетинде өтүп, андан ары түрк тилдүү мамлекеттерине берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн