Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Түркияда сексуалдык зомбулукка кабылгандардын арасында кыргызстандык аялдар болгону аныкталды

19.01.2021 11:09
579
Түркияда сексуалдык зомбулукка кабылгандардын арасында кыргызстандык аялдар болгону аныкталды


Измир шаарында  чет элдик жарандарды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган алты шектүү кармалды, 8 аял сексуалдык кулчулуктан куткарылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.


Haberler.com порталынын маалыматы боюнча, полицияга шаарда айрым чет элдик аялдар сойкулук менен алектенүүгө мажбур болуп жатканы боюнча ыкчам маалымат түшкөн.


Белгиленгендей, укук коргоо кызматкерлери шектүүлөрдү 4 айга жакын ээрчип жүргөн. Аялдар Россиянын, Украинанын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Алар уруп-согуу жана кысым көрсөтүү аркылуу сойкулукка мажбур болушкан.


Ар кандай даректерде уюштурулган атайын операциянын жүрүшүндө 6 шектүү камакка алынды. Ошондой эле, операция учурунда куткарылган 8 чет элдик аял Иммиграция башкармалыгына жөнөтүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн