Түркиянын түндүгүндөгү суу ташкынынан каза болгон жарандардын саны 70 кишиге жетти. Бул тууралуу TRT Haber билдирди.
Агенттиктин маалыматына таянсак, Кастамону аймагында 60 киши, Синопто 9 жана Бартын регионунда 1 адам каза болгон.
Түркиянын куткаруучулары суу ташкынынын кесепеттерин жоюу жана куткаруу иштерин улантууда. Ага жергиликтүү тургундар жана коомдук уюмдар да тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн