Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркияда токойдон 40 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылды

Түркияда токойдон 40 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылды


Түркияда кыргызстандык 40 жаштагы К. Н. аттуу аялдын сөөгү табылгандыгын КРдин Стамбулдагы Башкы консулдугунан кабарлашты.

Аны Гиресун провинциясындагы токойдон мындан эки күн мурда, тагыраагы, 21-июндун түнүндө, табышкан.

"Учурда Түркиянын тартип сактоо органдары ыкчам иликтөө-издөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмышка шектүү катары М. А. жана Х. Ч. аттуу кишилер кармалган", — деп айтылган консулдуктун маалыматында.

Haberturk басылмасы аялдын ок жегендигин, себеби денесин карай келгенде атылган белгилер болгондугун жазды.

Маалыматта кармалгандардын бири анын жарандык никеде турган күйөөсү, М. А. аттуу киши кызганычтын айынан аялга кол салгандыгын мойнуна алганы айтылган.

Башкы консулдук бул маселе алардын көзөмөлүндө экендигин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн