Түркиянын Битлис аймагында аскердик вертолет кулап 11 аскер каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, алгач 9 киши каза болсо ооруканадан дагы экөө каза болгон. Дагы эки аскер жаракат алган.
Буга байланыштуу өлкө башчысы Эрдоган Өзгөчө Кырдаалдар министрин окуя болгон жерге жиберип, каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн