8-сентябрда Анкарадагы Президенттик Сарайда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Администрация Башчысы профессор Хасан Доган менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелери, анын ичинде эки мамлекет башчыларынын быйылкы жылы боло турган өз ара сапарларынын уюштуруу маселелери талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн