Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Түркиядагы элчилик кыргыз студенттер менен онлайн жыйын өткөрдү

30.04.2020 12:34
907
Түркиядагы элчилик кыргыз студенттер менен онлайн жыйын өткөрдү


Кечээ, 29-апрелде Түркиядагы кыргызстандык студенттер, шаар өкүлдөрү жана Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин катышуусунда онлайн жыйын өттү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, онлайн жыйын дээрлик эки саатка созулуп,  анда ар бир шаардагы студенттердин жалпы абалы жана пандемия мезгилиндеги маселелери тууралуу маалымат алмашуу болгон. Элчи өкүлдөрдөн келген суроолорго жооп берип, студенттердин демилгелерин ар дайым колдоорун билдирген.


Түркиянын Жогорку билим берүү башкармалыгынын (YÖK) акыркы маалыматы боюнча 62 шаардагы 123 университетте 1937 кыргызстандык студент билим алат. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн