Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркиядагы кыргыздар 15 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү

07.07.2020 20:14
1056
Түркиядагы кыргыздар 15 даана кычкылтек концентраторун жөнөттү


Түркиядагы кыргызстандыктар жөнөткөн 15 даана кычкылтек концентратору КР Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.


Республикалык ыкчам штабдан маалымдашкандай, 3 күндүн ичинде бул жабдыктар Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы медицина мекемелерине таратылып берилет.


Аманатты "Кыргызстан достук жана маданият" коомдук бирикмесинин өкүлү Туйгун Эргешов тапшырды. Жалпы наркы 10 миң долларлык гуманитардык жардамды Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова кабыл алды.


Түркиядагы кыргызстандыктардын айтымында, бул колдоо акыркысы эмес. Алар учурда өлкөгө муктаж болгон дары-дармектерди алып келүү жаатында иш алып барууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн