Түркиядагы террактта 5 адам каза таап, 20дан ашыгы жаракат алды.
Анадолу маалымат агенттиги кабарлагандай, Кахраманказан районундагы түрк аэрокосмостук компаниясынын объектисиндеги жардыруудан жаракат алган 22 адамдын абалы оор.
Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жардырууга террористтик уюмдардын тиешеси бар экендигин, кол салгандардын ичинен эки террорист жок кылынганын айтты. Ошондой эле Йерликая алардын бирөөсү аял болгонун белгиледи.
Ал арада Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган теракт өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирүүгө багытталгандыгын билдирип, кандай гана террористтер болбосун аларга карата чечкиндүү жана көп пландуу күрөш улантыларын соцтармактагы баракчасы аркылуу баса белгиледи.
Терракттан кийин Анкаранын башкы прокуратурасы тарабынан иликтөө башталгандыгын Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч маалымдады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн