Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркиядагы жер титирөөдөн 912 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 5385ке жетти

06.02.2023 16:43
265
Түркиядагы жер титирөөдөн 912 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 5385ке жетти


Түркиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 900дөн ашты, беш миңден ашууну жарадар болгонун президент Режеп Тайып Эрдоган Куткарууларды координациялоо борборунда билдирди.


"Учурда 912 адам каза болуп, 5385 адам жаракат алды. 2470 адам куткарылган", - деди ал.


Президенттин айтымында, каза болгондордун акыркы санын алдын ала айтуу кыйын.


"Биз бул апаатты эң аз адам жоготуу менен жеңебиз деп үмүттөнөбүз", - деп кошумчалады Эрдоган.


Ал ошондой эле ар кайсы шаарларда 2818 имарат урап калганын билдирди.


Түрк лидери бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болгонун белгиледи – анын күчү 7,7 баллды түзгөн. Издөө-куткаруу иштерине 9 миңден ашуун адам катышып жатканын, Анкарага 45 өлкөдөн жардам сунуштары түшкөнүн айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн