Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:04
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 110го жетти

04.11.2020 09:08
592
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 110го жетти

Түркиянын Измир аймагында болгон жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 110го жетти. Бул тууралуу Түркия президенти жергиликтүү басылмаларга билдирди.


"Измирдеги жер титирөөдөн кийин 110 адамдын сөөгү табылды. 1027 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алды. Биз үмүтүбүздү үзбөйбүз, издөө-куткаруу иштери акыркы адам кыйроодон чыгарылганга чейин уланат",-деп билдирди Режеп Тайип Эрдоган.


Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын Измир аймагында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөдөн жабыркаган адамдарды  куткаруу иштери уланууда.


https://www.super.kg/kabar/news/331367/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн