Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Түркиядан 632 миң сомдук дарыны контрабандалык жол менен Ошко алып келген өзбек жараны аныкталды

06.12.2022 10:10
263
Түркиядан 632 миң сомдук дарыны контрабандалык жол менен Ошко алып келген өзбек жараны аныкталды

 "Ош" аэропортунда 600 миң сомдон ашуун суммадагы дары-дармектердин контрабандасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 30-ноябрда Стамбул - Ош каттамы менен учуп келген 29 жаштагы Өзбекстандын М.А.Ж. аттуу жаранынан (баш тамгалары өзгөртүлдү) бажылык тариздөөнү ырастоочу эч бир документтери жок 2376 кассета (блистер) санында "Elevit Pronatal" дарысы табылган жана алынган.


Дарынын жалпы орточо базар баасы 632 миң 16 сомду түзөт.


Бул факт КБР АМС МЭЖ катталган, материалдар КР мыйзамдарына ылайык караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн