Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Суу ичип, макарон кайнатып жеп отурабыз, - Түркияда карантинде кыйналган кыргыз жарандарынын арыз-муңу

13.04.2020 14:26
1225
Суу ичип, макарон кайнатып жеп отурабыз, - Түркияда карантинде кыйналган кыргыз жарандарынын арыз-муңу


Түркиядан Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган кыргыз мигранттар учурда жүздөп саналат. Алардын арасында билет сатып алып, бирок учуп келүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондуктан өз үйүнө кайтууга арсар болуп, орто жолдо калгандары да бар. Түркиянын ар кайсы шаарларына акча табуу максаты менен барып, учурда жумушу токтоп, күндөн-күнгө абал оорлошуп жатканынан кабатыр болуп жаткан айрым мигранттар менен байланышып, маектештик.


Алардын бири 49 жаштагы Коконбаева Рыскан. Ал Стамбул шаарында жашап, иштейт. 24-мартта Кыргызстанга уча турган учакка билет алган, бирок ал күнү каттам аткарылган эмес. Учурда убактылуу батирде турат.


Мурда иштеп тапкан акчаларымдын бары кайра күнүмдүк жашоого кетүүдө. Азыр Стамбулда абал өтө оор, илдетти жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүп жатат. Сыртка чыкмай жок, тамак-ашка, батирге акча тартыш боло баштады. Биздин абалдан жалгыз “Замандаш” партиясы кабар алып жатат. Түркия-Кыргызстан аба каттамы уюштурулса деп жатабыз, себеби кете албай жаткан адамдар 300дөй бар”, - дейт Коконбаева.


Ал эми 18 жаштагы Кубанычбек уулу Бектемир Стамбулдун Зейтинбурну районунда жашайт. Ал туризм тармагындагы фирмалардын биринде иштечү. Аны менен дагы төрт кыргыз жараны чогуу бир батирди убактылуу жалдап жашаарын, жумушу февраль айында эле токтогонун айтат. Ал кыйын кырдаалда калганда мамлекеттен көмөк күтүшкөнүн бирок, андай болбой азык-түлүк жагынан “Замандаш” партиясы гана жардамдашып жатканын билдирди. 


Биз албетте көппүз. Барына чоң жардам кылуу мүмкүн эмес. Бирок бийлик аз болсо да акчалай жардам берсе, же чартердик каттам уюштуруп Кыргызстанга алып кетишсе жакшы болот эле. Азыр бизге 1 сом да чоң акча. Себеби, Кыргызстанда болсок батирдин акчасын бере албай калсак туугандардыкына жашай туралы деп көчүп кетмекпиз, а бул жакта андай туугандар да жок, батирдин акчасын убагында төлөө керек. Бизде жагдай оор”, - дейт Бектемир.

 

19 жаштагы Сабиралиев Улукман азыркы тапта Стамбул шаарына, келгенине 7 айдын жүзү болду. Ал эми жумуш токтоп калганына эки айга чамалаган. Ушул жылдын 29-мартында Зейтинбурну метростанциясынан шылуундарга сумкасын уурдатып, тапкандарынан куру жалак калган.


“Кыргызстанды эстегенде эки көзүм төрт. Сумкада мага тиешелүү жалпы жарандык паспорт, виза, 2500 лир жана сбербанк картам бар эле. Эми болсо вируска байланыштуу бүт аба каттамдары жабылып, кетүүгө мүмкүнчүлүк жок. Эки күн ачка жүрдүм. Анан бул жакта мекендештер деген WhatApp тайпасына кошулуп, жаш саясатчы Жеңишбек Молдокматовдон 100 доллар жардам алып, тамак-аш запасын камсыздап, батирге бердим. Менин өтүнүчүм – атайын борт уюштуруп 300дөн ашуун эмгек мигранттарын тез арада алып кетишсе же тамак-аш жашап турганга жай табууга жардам беришсе. Бул жакта бир таанышым 5 жашар кызы менен бир жумадан бери ачка, суу ичип, макарон кайнатып жеп отурат”, - дейт Улукман.      

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сабыр
Ооба, эн туура айтылган. Элдердин жегенге наны жок, кварплата толоого акчасы жок отурушат. Бир да чиновник же министр бизди ойлогон жок. Бир гана Женишбек Молдокматов деген патриот мырза командасы Сара эже, Нур эже, Айжан эже болуп уй уйлорго барып тамак аш жеткирип жатышат. Мындан да жаман акыбалды калгандар бар. Бизди алып кеткиле