Стамбулдан учуп чыккан Кыргызстандын жарандары Казакстандын Алматы шаарындагы аэропорттон чыга албай турушат. Аэропортто калып калган жүргүнчүнүн айтымында, алар Бишкек шаарын көздөй чыгышкан. Бирок аба ырайына байланыштуу учак Алматыга конгон.
«Алматыга саат 07:20да конгонбуз. Бизге мейманканадан орун берилген жок, жөн эле отурабыз. Колубузда ПЧР-тесттин таза жыйынтыгы болгонуна карабастан кетирбей жатышат», - дейт жүргүнчү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн