Бугу 17, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Түркиядан Кыргызстанга келем деген жарандарды чартердик рейс менен алып келүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

06.04.2020 19:34
1171
Түркиядан Кыргызстанга келем деген жарандарды чартердик рейс менен алып келүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Коронавирус пандемиясынан улам Түркиядан Кыргызстанга келем деген жарандарды чартердик рейс менен алып келүүгө сүйлөшүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, өлкөгө кайтам деп тизмекке тургандардын саны 4-апрелге карата 335 адамды түзгөн. Учурда чартердик рейсти ишке ашырууга жана уюштурууга эки өлкөнүн өкмөтүнөн тийиштүү чечимдер кабыл алына электиги айтылат.


Ошондой эле, 24-мартта Анталия-Бишкек чартердик рейси аркылуу 197 жарандын Кыргызстанга кайтканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн