Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Түркиядан чартердик каттам менен келгендерден коронавируска анализ алынды

18.04.2020 12:00
1168
Түркиядан чартердик каттам менен келгендерден коронавируска анализ алынды


Түркиядан Стамбул-Бишкек чартердик каттамы аркылуу учуп келгендердин ичинен 197 жарандын коронавирус боюнча алынган анализи даяр. Бул тууралуу саламыттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 18-апрелде онлайн-брифингде билдирди.


Анын айтымында, бул жарандардын анализдеринин баары таза чыккан. Ал эми 10дон ашык жарандын анализи лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлгөн. Алардын жыйынтыгы бүгүн кечке чейин даяр болуп калат.


Белгилей кетсек, кечээ, 17-апрелде Түркиядан чартердик рейс менен 212 мигрант Кыргызстанга алынып келип, толугу менен обсервацияга алынган болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн