Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:06
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Түркиядагы кыргыздарды алып келүүгө дагы бир чартердик каттам уюштурулду

21.04.2020 14:26
2301
Түркиядагы кыргыздарды алып келүүгө дагы бир чартердик каттам уюштурулду


24-апрелге Стамбул-Бишкек чартердик авиакаттамы белгиленди. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргызстандын Элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 2020-жылдын 24-апрелинде саат 04:50дө Стамбул-Бишкек багыты боюнча Ататүрк атындагы эл аралык аэропорттон ТК4916 чартердик аба каттамын ишке ашыруу пландаштырылууда. Авиабилеттердин сатылышы түздөн түз аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт, билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы 30 кг.


Кыргызстандын жарандарын кайтаруу Элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан үстүбүздөгү жылдын март айынан бери түзүлгөн тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Бул рейс менен биринчи кезекте төмөнкү Кыргызстандын жарандарын алып кетүү пландаштырылууда: дарылануу үчүн келгендер, балалуу аялдар, улгайган адамдар, хронологиялык тартипке ылайык Элчилик жана Башкы консулдукка арыздарын жибергендер. 


Түркиянын 31 шаарынын ортосунда унаа жол каттамдары токтотулганына жана 23-апрелден 26-апрелге чейин сыртка чыгууга тыюу салынгандыгына байланыштуу, Элчилик Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жергиликтүү бийликтерден Түркиянын төмөнкү шаарларынан Кыргызстандын жарандарынын Стамбулга келүүсү үчүн уруксат алуу боюнча кайрылган: Анкара, Анталья, Аланья, Измир, Кастамону, Карабюк, Кайсери, Конья, Кыршехир, Невшехир ж.б.


"Урматтуу тизмедеги жарандар, уруксат алуу процессин тездетүү максатында жергиликтүү бийлик органдарына - Каймакамлыкка, Стамбулга барууга уруксат алуу үчүн, бара турчу унаанын номери жана унаанын айдоочусу тууралуу маалыматты камтыган арыз менен кайрылууну сунуштайбыз (бул маалыматты Элчиликтин [email protected] электрондук почтасына дагы тез арада жөнөтүү керек).

Ататүрк атындагы эл аралык аэропортко чартердик авиарейстин учушунан 4 саат мурун келүү зарыл", -деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Теги

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Хусайын уулу нургазы
Менин билетке еле акчам калды кантип учсам болот майдын 3квартирамда бутот сураныч катип кетсек болот мен трапзондомун
Мам
Билетке да акчасы калбагандар кантебиз
Кумушай Адылжан кызы
Я купила билеть на 27 марта на Урале .шяс мне очень тяжело квартплату надо отдавать.Но дениг нету продукты тоже.Нам обещали забрать но нет не каких новость
Эльфира Кошалиева
Бизди Туркиядан аман эсен алып кеткилечи жашоо оор кыйналып кеттик.Нан алганга акчабыз калбады билетке акчабызды кармап отурабыз
Аяна
Алыб келгиле сураныч