Түркиядан келген кыргыз жарандарынын баарынын анализдеринен коронавирус илдети чыккан жок. Бул тууралуу "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Саясатчы өз билдирүүсүндө Түркиядан келгендердин анализи таза чыкканын жана аларды Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшкөн бийлик өкүлдөрүнө, депутаттарга жана коомдук уюмдарга ыраазычылыгын билдирген.
"ЖАКШЫ КАБАР!
17-апрелде Стамбулдан Бишкекке келген 212 жараныбыз обсервацияга жаткырылып, тийиштүү тесттен өтүп, текшерүү жүргүзүлдү. Кудайым буйруп баары таза, куттуктайбыз! Карантин уланууда...
Айтмакчы, 24-мартта Анталиядан келген 197 жараныбыздын акыркы текшерүүсү таза чыкты.
Чет өлкөдөн мекендештерди алып келүүгө көмөктөшкөн парламент депутаттарына, өкмөт өкүлдөрүнө рахматыбызды айтабыз! Өзгөчө ыраазычылык Пирматов Исхак Айтбаевич, Никитенко Наталья Владимировна Сиздерге!
Сырттагы мекендештерибизди жетимсиретпей жардамга кол сунган жана ар тараптуу колдоп келген инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз!
Алар: Сатыбалдиев Э.Р., Жумабеков Д.А., Касымалиева А.К., Иманалиев К.К., Маматалиев М.А., Сурабалдиева Э.Ж., Мусабекова Ж.А., Акаев Ж.К., Икрамов Т.И., Жамангулов А.Ж., Абиров Ж.Б., Ишенбеков Урмат, Райымов Мирбек. Ар дайым бар болуңуздар!
Туркия боюнча коомдордун элге берген жардамдары, өтөгөн кызматтары үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Оор кырдаалдан биримдик, ынтымак менен чыгабыз жана илдетти жеңебиз!
Жаратканым жакшылыгынан насип этсин!",- деп жазган саясатчы билдирүүсүндө.
Пикирлер (1)